Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Орто жери жумуру тартып жондонуп кеткен көтөрүңкү, эки жагы эңиштеген. Кырмандын бир четинде балык жон кылып үйүлгөн чоң үймөк (Баялинов). Үстү балык жон тамдар («Ала-Тоо»). Үстү балык жон тамдар менен кошо, чатырчасы тактай же тунукелүү ак тамдар турат (Абдумомунов). Кырмандын бир четиндеги балык жон сары кыр тартылып, үйүлгөн чоң үймөк (Баялинов).